Торонто, Канада, 2017-ж. 11-сентябры: «Centerra Gold Inc.» (TSX: CG) компаниясы бүгүн Компания жана анын Кыргыз Республикасындагы туунду ишканалары («Кумтɵр Голд Компани» ЖАКу (мындан ары – «КГК») жана «Кумтɵр Оперейтинг Компани» ЖАКу (мындан ары – «КОК»)) Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү (мындан ары – «Ɵкмɵт») менен комплекстүү тынышуу келишимин (мындан ары – «Стратегиялык макулдашуу») түзүштү. Стратегиялык макулдашуунун олуттуу жоболору • Бардык болгон арбитраждык жана экологиялык доолордон, талаштардан, териштирүүлɵрдɵн жана соттук чечимдерден толук жана биротоло ɵз ара бошотуу жана жɵнгɵ салуу, ошондой эле Компанияны жана анын кыргыз туунду компанияларын кен ишканасынын жактырылган ишмердүүлүгүнɵн келип чыгуучу учурдагы экологиялык доолор сыяктуу эле негиздер боюнча болочок доолордон да бошотуу; • Ал, башкалардан тышкары, КГКнын акча каражаттарын Центеррага которууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн чектеген Кыргыз Республикасынын сотунун токтомун алып салуу. КГК иш капиталындагы адаттагы муктаждыктарынан ашкан, балансында болгон акча каражаттарын Центерранын пайдасына которуу процессин баштады жана компания бул процессти 2017-ж. 15-сентябрына карата аяктоону күтүүдɵ; • Келечекте КГКнын Центерранын пайдасына акча каражаттарын которуу жɵндɵмдүүлүгүнɵ кандайдыр-бир чектɵɵлɵр коюлбай тургандыгына ишендирүү; • КГКнын кызматкерлеринин жүрүү эркиндигине бардык чектɵɵлɵр алынып салынат; • Центерра жана анын кыргыз туунду компаниялары тарабынан тɵмɵнкүлɵргɵ жол бербɵɵ: (i) кандайдыр-бир экологиялык бузууларга, (ii) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же Кумтɵр кенин иштетүү боюнча долбоордук макулдашуулардын жоболору менен келишпегендикке […]
↧