Quantcast
Channel: Кумтөр Голд Компани
Viewing all articles
Browse latest Browse all 918

Өткөн дем алышта «Кумтөрдүн» ар жылдык гольф боюнча 15-кайрымдуулук турнири өттү

$
0
0
2017-жылдын 19-авгусунда «Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери жана компания өнөктөштөрү «Кленовый лист» клубунда өткөн ар жылдык гольф боюнча кайрымдуулук турнирине катышты. Биринчиликке компания кызматкерлери менен өнөктөштөрдүн он беш командасы ат салышты. Бардык командалар «Кумтөр» менен кызматташкан эл аралык жана жергиликтүү өнөктөштөрүнөн белектерге арзыды. Ал эми төрт оюнча эң мыкты жеке сокку үчүн атайы белектер менен сыйланды. Иш-чара эмгекчилер арасында жана кызматташ компаниялар менен өнөктөштөр ортосундагы биримдикти бекемдөөгө багытталды. Ар бир команда өз жетишкендиктерин Work Safe Home Safe корпоративдик программа боюнча викторинага катышып, жакшырта алышты. Бардык командалар чогулуп, кен ишканадагы тоо-кен техникасынын сүрөт пазлын чогултууда биргелешкен командалык ишти мыкты көрсөтүштү. Бардык оюнчулар «Кумтөр» ишканасынын өндүрүмү – Доре эритмесинин макетин, алтын эритүүчүлөрдүн атайы күрмөсү менен тоо-кенчилердин кийимин көрө алышты. Июль айынын соңунда компаниянын бардык кызматкерлери менен өнөктөрштөрдүн эмгекчилери коопсуздук техникасын сактоо маданияты боюнча атайы программадан окуп бүтүштү. Кызматташкан компаниялардын кызматкерлери КГК менен алака жана товар же кызмат сатуу боюнча суроолорго жооп берип, кошумча упайга ээ болуп, эң жигердүү катышкандар сыйлык алышты. Турнирге катышкан өнөктөштөр компания жетекчилиги менен жай шартта баарлашып, компания ишмердүүлүгү боюнча кызыктырган суроолорго жооп алуу мүмкүнчүлүгүн алды. Ар бир катышуу «Бир айыл – бир өндүрүм» ассоциация мүчөлөрү каакымдан жасаган кыямдан белекке ээ болду. Ассоциация менен КГК кызматташуусу 2013-жылы, компаниянын каржылоосунда атайы […]

Viewing all articles
Browse latest Browse all 918