Quantcast
Channel: Кумтөр Голд Компани
Viewing all articles
Browse latest Browse all 914

ЖОЖ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

$
0
0
Такшалма программасына катышууну каалайсызбы? Жогорку окуу жайларында алган билимиңизди, шыгыңызды жана кѳндүмдѳрүңүздү иш жүзүндѳ колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгуңуз келеби? Кумтѳр Голд Компани ишканасында, ѳзүңүздүн адистигиңиз боюнча баалу иш тажрыйбасына ээ болгуңуз келеби? Химия жана химиялык технология боюнча билим алган бүтүрүүчүлөрдү издейбиз. Такшалма программасы 2 жылга эсептелген • Өзүӊүздүн адистигиӊиз боюнча кесибиӊизди иш жүзүндө өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк аласыз • Ишкананын башка бөлүмдөрүнүн иши менен таанышып, дүйнөлүк класстагы өндүрүштүк ишканалар кандай иштегенин жакшы түшүнөсүз • Долбоорго катышып, өзүӊүздүн квалификацияӊызды жогорулатып аласыз Такшалма программасына катышуу үчүн, тѳмѳнкү шарттарга толугу менен жооп беришиңиз керек: • Медициналык жактан бийик тоолу шарттарда иштөөгө жарактуу ден соолукта болуу • Жогоруда аталган адистиктер боюнча, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайын 2017 жылы бүтүргѳн болушуңуз керек • Практикалык иш кѳндүмдѳрүн тийиштүү шарттарда ѳздѳштүрүүгѳ даяр болуу • Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат Бул программага кызыккан бүтүрүүчүлөрдөн, анкетаны толтуруп, ага дипломдун копиясынын кѳчүрмѳсүн тиркеп, HR_Kumtor@kumtor.com электрондук адресине* же болбосо Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., 720031 Ибраимов кѳч. 24 («Учкун» АК, 10 кабат) дарегине 2017 жылдын 18 август, 16:00 гѳ чейин жиберишин ѳтүнѳбүз. Анкетаны бул жерден алсаңыздар болот. * электрондук каттын темасында сѳзсүз түрдѳ «Такшалма программасы» деп жазылышы керек. Маектешүүгѳ, эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат

Viewing all articles
Browse latest Browse all 914