Такшалма программасына катышууну каалайсызбы? Жогорку окуу жайларында алган билимиңизди, шыгыңызды жана кѳндүмдѳрүңүздү иш жүзүндѳ колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгуңуз келеби? Кумтѳр Голд Компани ишканасында, ѳзүңүздүн адистигиңиз боюнча баалу иш тажрыйбасына ээ болгуңуз келеби? Биз, тѳмѳндѳ аталган тармактарда билим алган бүтүрүүчүлөрдү издеп жатабыз: • Курулуш инженериясы • Электротехника • Ачык кен казуу иштери • Маркшейдердик иш • Тоо-кен ѳндүрүшүнүн физикалык процесстери • Механика • Системдик анализ жана башкаруу Такшалма программасы 2 жылга эсептелген • Өзүӊүздүн адистигиӊиз боюнча кесибиӊизди иш жүзүндө өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк аласыз • Ишкананын башка бөлүмдөрүнүн иши менен таанышып, дүйнөлүк класстагы өндүрүштүк ишканалар кандай иштегенин жакшы түшүнөсүз • Долбоорго катышып, өзүӊүздүн квалификацияӊызды жогорулатып аласыз Такшалма программасына катышуу үчүн, тѳмѳнкү шарттарга толугу менен жооп беришиңиз керек: • Медициналык жактан бийик тоолу шарттарда иштөөгө жарактуу ден соолукта болуу • Жогоруда аталган адистиктер боюнча, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайын 2017 жылы бүтүргѳн болушуңуз керек • Практикалык иш кѳндүмдѳрүн тийиштүү шарттарда ѳздѳштүрүүгѳ даяр болуу • Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат Бул программага кызыккан бүтүрүүчүлөрдөн, анкетаны толтуруп, ага дипломдун копиясынын кѳчүрмѳсүн тиркеп, HR_Kumtor@kumtor.com электрондук адресине* же болбосо Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., 720031 Ибраимов кѳч. 24 («Учкун» АК, 10 кабат) дарегине 2017 жылдын 30 июнь, 16:00 гѳ чейин жиберишин ѳтүнѳбүз. Анкетаны бул жерден алсаңыздар болот. * […]
↧