Quantcast
Channel: Кумтөр Голд Компани
Viewing all articles
Browse latest Browse all 914

«Кумтөр» компаниясынын адистери Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде семинар өткөрүштү

$
0
0
2017-жылдын 18-майында «Кумтөр Голд Компани»нин (КГК) адистери Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин инженердик факультетинин студенттери үчүн семинар өткөрүштү. ЖОЖ менен алтын өндүрүүчү компаниянын биргелешкен демилгеси кызматташууну өнүктүрүүгө жана өндүрүштөгү адистердин жаңы муунун окутууга багытталган. Окутуучулар компаниянын кызматкерлерине ЖОЖдо иштеп жаткан илимий жана окутуу лабораторияларын көрсөтүштү. “Кумтөрдүн” кызматкерлерин экскурсияга химиялык инженерия кафедрасынын студенттери кен ишканасында таанышуу сапары менен барышкан жана баалуу металлды казып алуунун жана өндүрүүнүн негизги этаптарында болушкан бир жыл мурда эле чакырышкан. Семинар өндүрүштүк процесстин беш маанилүү этабына – казып алууга, бөлүп алууга, экологиялык жоопкерчиликке, ошондой эле адистерди жалдоого арналган. Инженердик-геологиялык бөлүмдүн менеджери Каныбек Жумалиев деңиз деңгээлинен 4 000 метр бийиктикте руда казып алуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтты, а алтын ылгоочу фабриканын (АЫФ) ага металлургу Садыгали Джураев АЫФтын өндүрүштүк циклин көрсөттү. Студенттер жана окутуучулук курам баарынан көп компания тарабынан курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча көрүлгөн чараларга кызыгышты. Экологиялык долбоорлор боюнча менеджер Ольга Медоева КГКнын кен ишканасынын жана 1996-жылы компаниянын демилгеси менен негизделген Сарычат-Эрташ коругунун территориясындагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча долбоорлор жөнүндө айтып берди. Нормативдик базаны сактоо боюнча бөлүмдүн курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча ага адиси Айбек Абдувалиев“Кумтөр” кен ишканасынын суу агымдарынын инфографикасын сунуштады. Корутунду бөлүгүндө персоналды башкаруу боюнча бөлүмдүн өкүлү Дарья Антанайтене талапкерлерди тандоо жана ишке алуу процесстерин түшүндүрдү, ошондой эле […]

Viewing all articles
Browse latest Browse all 914