Жогорку окуу жайларында алып жаткан билимиңизди, шыгыңызды жана кѳндүмдѳрүңүздү иш жүзүндѳ колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгуңуз келеби? Кумтѳр Голд Компани ишканасында, ѳзүңүздүн адистигиңиз боюнча баалу иш тажрыйбасына ээ болгуңуз келеби? Биз, тѳмѳндѳ аталган тармактарда билим алып жаткан студенттерди издеп жатабыз: • Маркшейдердик иш • Кен иштетүү тармагынын инженери (ачык кен казуу иштери) • Тоо-кен ѳндүрүшүнүн физикалык процесстери • Лингвистика (англис тили) • Эмгекти коргоо • Экология • Курулуш инженериясы • Маалымат технологиялары Жайкы практика программасына катышуу үчүн, тѳмѳнкү шарттарга толугу менен ылайык болушуңуз керек: Окууда жакшы бааларга ээ болуу (окуусунда карыздардын болбошу); 3-чү же 4-чү курстун студенти болуу (5-жылдык окуу мөөнөтү учурунда); Медициналык жактан бийик тоолу шарттарда иштөөгө жол берген ден соолукта болуу; Практикалык иш кѳндүмдѳрүн ѳздѳштүрүүгѳ даяр болуу. Бул программага кызыккан студенттерден, анкетаны толтуруп, ага зачеттук китепчесинин кѳчүрмѳсүн тиркеп, HR_Kumtor@kumtor.com электрондук адресине* же болбосо Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., 720031 Ибраимов кѳч. 24 («Учкун» АК, 10 кабат) дарегине 2017 жылдын 26 май, 16:00 гѳ чейин жиберишиңизди ѳтүнѳбүз. Анкетаны бул жерден алсаңыздар болот. * электрондук каттын темасында сѳзсүз түрдѳ «Жайкы практика» деп жазылышы керек. Маектешүүгѳ, эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат
↧